Индияда эки жылдай кишилерди жеп кармалбай жүргөн жолборсту кармашты
Индияда киши жегич жолборсту кармашты. Бул тууралуу BBC дүйнөлүк кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай, ургаачы жолборс акыркы 20 айдын ичинде 13 адамды кол салып өлтүргөн. Махараштра штатындагы жуңгли токойлоруна качып кеткен 6 жашар ургаачы жолборс 2 жылга жакын карматпай келген. Жергиликтүү токой кызматынын билдиргенине ылайык, Индиядагы жаныбарларды коргоо уюму Т-1 деп аталган жолборсту коргоого алаарын айтышкан. Бирок, адамдарга коркунуч алып келген жаныбарды атып өлтүрүүгө Индиянын Жогорку Соту руксат берген. Ошондон кийин 2018-жылдын 2-ноябрында токойго жакын Борат айылынын тургундары жаныбардын ушул тегеректе жүргөнүн айтышкан.
Атайын даярдык менен келген топ жолборсту атканда жакын турган унааны көздөй чабуул койгон. 8-10 гана метр жакындап калган жаныбарга экинчи жолу ок чыгарууга мажбур болушкан.
Ушул жылдын август айында ургаачы жолборс 9 айлык баласы менен 3 адамды өлтүрүп, жеп салган. Мындай жүрөктүн ушүн алган окуя токойго жакын жашаган адамдарды дүрбөлөнгө салды.
Жергиликтүү бийлик адамдарды караңгыга калбоого, жалгыздап жүрбөөгө жана топ менен жүрүүнү айтып келген.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-eki-zhyldaj-kishilerdi-zhep-karmalbaj-zhrgn-zholborstu-karmashty
Добавить комментарий ×