Индия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрүүгө даяр
Индияда өткөн суткада коронавирус илдети 83 833 адамга жугуп рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу 3-сентябрда Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөнү коргоо министрлиги NDTV каналына берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” которду.
Ошол эле учурда, Индияда акыркы суткада COVID-19га 1 миллион 700 миңден ашуун адам тест тапшырган. Бир суткада 1043 киши каза болуп, 29 миңден ашуун адам сакайып чыкты.
Министрликтин маалыматы боюнча, пандемиянын башталышында өлкөдө коронавирус менен 3 миллион 853 миң 406 адам ооруган, алардын 67 миң 376сы инфекциядан көз жумган.
Индия ооруларынын саны боюнча дүйнөдө АКШ жана Бразилиядан кийин үчүнчү орунда турат.
Индия бийлиги “Sputnik V” аталышындагы орусиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрүүгө даяр экендигин айтты. Алар жылына 300 миллион дозадан ашык өндүрө алабыз деп ишендирди.
Ссылка: https://barometr.kg/indiya-orusiyanyn-koronaviruska-karshy-vakcinasyn-ndrg-dayar
Добавить комментарий ×