«Империи пиццы» кафесинен уулангандардын саны 253 адамга жетти
Бишкек жана Чүй областынын саламаттыкты сактоо мекемелерине «Империи пиццы» кафесинен ууланып көмөк сурап кайрылгандардын саны 253 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Бүгүнкү күндө 60 адам бейтапканага жаткырылды.
Алардын ичинен 19у-Темир жол ооруканасында, 18и-Тез медициналдык көмөк шаардык клиникалык ооруканасында, 23 адам Улуттук госпиталда дарыланууда.
Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.Калган жабырлануучулар алгачкы медициналык жардам алгандан соң амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.
«Империя пиццы» кафесинин баардык жайлары жабылды. Текшерүү жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/imperii-piccy-kafesinen-uulangandardyn-sany-253-adamga-zhetti
Добавить комментарий ×