Бишкекте бир катар компанияларга айып пул салынды

1 ноябрь 2021 10:53 1562 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Санитардык экологиялык инспекциянын кызматкерлери рейд иштерин жүргүзүштү, анын жыйынтыгы менен бир катар уюмдарда жана шаар тургундарында санитардык-экологиялык нормаларды бузган учур аныкталды.Бул тууралуу аталган инспекцияга шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

70-берене боюнча “Мерибелл Текстиль Иншаат”, «Партнер Кей Джи» коммерциялык уюмдары, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры жана И.Бейшенбаев, М.Закиров, А.Калыбеков аттуу жарандарга 3000-13000 сомго чейинки айып пул тазалыкты сактабагандыктары үчүн салынды.

Өндүрүш таштандылардын таштаган үчүн 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык шаар тургундары: А.Озубеков, Т.Мырзаев, А.Рысматовдого 7500 сомдон айып салынды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bir-katar-kompaniyalarga-ajyp-pul-salyndy



Добавить комментарий