Илон Маск төрт жылдык сынак жарыялап, жалпы байгеге 100 млн доллар сыйлык сунуштоодо

9 февраль 2021 16:30 4136 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жердин атмосферасынан көмүр кычкыл газын азайтуунун жолун издөө үчүн төрт жылдык глобалдык сынак жарыялап, жалпы байгеге 100 миллион доллар сыйлык сунуштайт. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маск экологияга кам көрүү максатында  сынак жарыялай тургандыгын январь айында алгач твиттерге жазып, сынактын чоо-жайын кийинчерээк ачып берерин айткан.

«Бул теориялык конкурс эмес; бизге гигатонндорго өлчөнө турган таасири жана масштабы бар чыныгы системаларды кура турган командалар керек ”, - деди Маск билдирүүсүндө.

“Толук эрежелер 22-апрелде жарыяланып, сынак 2025-жылга чейин төрт жылга созулат”, - деп билдирди дүйшөмбү күнү сынактын уюштуруучусу XPrize.

Сынак башталгандан он сегиз айдан кийин алдыңкы 15 командага 1 миллион доллар берилет, ошондой эле студенттерден турган жыйырма беш миң коммандага 200 миң долларлык стипендия бөлүштүрүлөт.

Андан кийин баш байгенин ээси 50 миллион доллар, экинчи орунду ээлеген адам 20 миллион доллар, ал эми 10 миллион доллар үчүнчү орундун жеңүүчүсү алат.

“Сынакта жеңишке жетүү үчүн командаларга көмүр кычкыл газын түздөн-түз атмосферадан же океандардан бөлүп алуучу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен аны толугу менен тосуп турган чечимди жаратуу жана көрсөтүү керек", - деп кошумчалады XPrize.

Ссылка: https://barometr.kg/ilon-mask-trt-zhyldyk-globaldyk-synak-zharyyalap-zhalpy-bajgege-100-million-dollar-syjlyk-sunushtoodo



Добавить комментарий