Илон Маск күйгөн чачтын жытындай жыттанган автордук атырларын чыгарды

12 октябрь 2022 13:31 1187 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Миллиардер Илон Маск өзүнүн  автордук атырларын чыгарды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Америкалык миллиардер Илон Маск өзүнүн The Boring Company бренди менен Burnt Hair ("Күйгөн чачтын жыты") атырын чыгарды.

Белгилүү болгондой, күйгөн чачтын жытындай жыттанган кызыл бөтөлкөдөгү атырды бренддин сайтынан 100 долларга сатып алууга болот.
Анын айтымында, буга чейин бул атырдын 10 000 даанасы сатылган.

«Эми менин атым парфюмерия бизнесинен да тааныла баштайт.  Эмне үчүн мен буга чейин бул бизнеске кирүүгө мынчалык көпкө каршы турдум?" — деп жазган Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү социалдык тармактагы баракчасына.

Август айынын башында Маск арыктоонун сырын ачкан. Ишкер ачка болуунун жардамы менен өзүн формада кармап жатканын айткан. «Досумдун кеңеши менен мен маал-маалы менен орозо кармап, өзүмдү ден соолугумду чыңдап жатам», - деген ал.

Ссылка: https://barometr.kg/ilon-mask-kjgn-chachtyn-zhytyndaj-zhyttangan-avtorduk-atyrlaryn-chygardy



Добавить комментарий