Илимпоздор Жерде жаңы муз доору башталышы мүмкүн деп эскертишти

14 январь 2021 10:47 1940 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Антарктидадагы муздун эриши Жерди жаңы муз дооруна алып келүүчү чынжырлуу реакцияны жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail Кардифф университетинин изилдөөчүлөрүнө шилтеме берүү менен жазган маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Илимпоздор эрип жаткан айсбергдер акырындык менен Атлантика океанына таза сууну пайда кылып жатканын айтты. Бул процесс океандын айлануусундагы өзгөрүүлөрдү пайда кылат, ал өз кезегинде Жердин климатынын кескин муздашына алып келет.

Изилдөөчүлөр айсбергдердин мындай темпте эриши акыркы 1,6 миллион жылда ар бир муз доорунун башында болгонун аныкташты.

Буга чейин, илимпоздор муздун эриши жана глобалдык жылуулуктун башка кесепеттери дүйнөлүк океандын деңгээлинин бара-бара көтөрүлүшүнө алып келүүдө, келечекте жээке жакын аймактарды суу каптоо коркунучу бар деп эскертишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/ilimpozdor-zherde-zhay-muz-dooru-bashtalyshy-mmkn-dep-eskertishti



Добавить комментарий