ИИМдин Күзөт кызматынын негизделгенине 54 жыл толду

19 февраль 2020 13:33 1419 Barometr
Бөлүшүү:
ok

20-жылдын 18-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын негизделгенине 54 жыл толду. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.
Түптөлгөн күнүнө карата ИИМдин Күзөт кызматынын түзүмбүк бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Алардын биринде, Ведомстволук милиция полкунун саптык майданында кызматкерлерди ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги, милициянын генерал-майору Талантбек Исаев жана орун басары, милициянын полковниги Эрк Тажиев катышышты. Салтанаттуу иш-чарага арналган мааракеде милициянын генерал-майору Т. Исаев кызматкекерлерге өзүнүн ак ниеттүүлүгү менен жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн медаль, төш белги, ардак грамота жана алкыш менен сыйлоо ыйгарды.
Милициянын генерал-майору Талантбек Исаев “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин социалдык-материалдык жактарына өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгиледи, буга күбөө 2020-жылдын 1-январынын тартып жалпы ИИОнун кызматкерлери айлык маяналарынын жогорулашы, жогоргу деңгээлде мыйзам менен социалдык камсыздандырууну бекитүүсү чоң жетишкендик экендигин сөзүндө белгиледи.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kzt-kyzmatynyn-negizdelgenine-54-zhyl-toldu



Добавить комментарий