ИИМдин кызматкерлери 15 өлкөнүн спортчулары менен таймашып, 13 медаль жеңип келишти
Эл аралык спорттук фестивалга катышкан милиция кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Кѳл облусунда "Кыргызстандын бермети” аталыштагы IV Эл аралык спорттук фестивалга катышып, ийгилик жаратышты.
"Мелдеш дүйнѳнүн 15 өлкөсүнѳн келген спортчулардын катышуусунда өтүп, спорттун 30 түрүн камтыган.
Аталган фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунан 17 кызматкер спорттун 6 түрү боюнча ар кандай салмакта күч сынашып, 13 кызматкер байгелүү орундардын камсыздашты. Алардын арасында бир кесипти аракалаган бир туугандар дагы бар.
«Пауэрлифтинг» боюнча 1-орунду 100 кг чейинки салмакта Мурат Маметов ээледи;
“Ушу-саньда” боюнча 1-орунду 85 кг салмакта Кубаныч Ырыспаев жана 65 кг салмакта Алсеит Азизбеков ээлешти.
“ММА” боюнча 1-орунду 65 кг салмакта Майрамбек Тентиев ээледи.
“Кармашып урушуу” боюнча 1-орунду 85 кг салмакта Семетей Урбаев, 75 кг салмакта Улукбек Рахатбеков, 65 кг салмакта Жолдош Балбаев ээлешти.
Ал эми 2-орунду 90 кг салмакта Азиреткул Туйчиев, 2-орунду 65 кг салмакта Данияр Тургунбеков багындырды.
"Кармашып урушуу” боюнча кыз-келиндер арасында 2-орунду 65 кг салмакта 2-батальондун Мээримай Мурадилова ээледи.
Спорттун бул түрү боюнча 3-орунду 95 кг салмакта Максат Пирматов менен 70 кг салмакта Абималик уулу Байман багындырды.
“Эр эңиш” боюнча 3-орунга 70 кг салмакта Райхан уулу Бактыгул ээ болду", -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×