Ишти оң жагына чечип берем деп пара алып жаткан милициянын аймактык өкүлү кармалды

25 февраль 2020 10:36 652 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 19-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматынан Р.И. аттуу жаран кайрылып, ал майда бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү маселени оң жагынан чечип берем деп 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткан Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде катталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

2020-жылдын 24-февраль күнү жүргүзүлгөн ыкчмам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында №3 балдар ооруканасынын аймагынан 7000 сом акча каражатын алуу учурунда Биринчи Май РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү С.С. менен А.А. аттуулар кармалды. Иликтөөнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги колу таза эмес коррупцияга аралашкан милиционерлерди аныктоо боюнча иштерди улантууда. Азыркы учурда ИИОнун өзүнчө кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча иштерди улантып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-ilikt-kyzmaty-ichki-ishterin-ilikep-zhatat



Добавить комментарий