Коменданттык сааттын талаптарын бир суткада 72 киши бузду. Алардын көбү Бишкекте
28-апрелге карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 72 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 57, Ош шаары -3, Жалал-Абад шаары-1, Сузак району-4, Нарын шаары-2, Ат-Башы району-5.
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3654 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 320 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-zharandardy-komendanttyk-saattyn-talaptaryn-tak-atkaruuga-chakyrat
Добавить комментарий ×