ИИМ: Зарылбек Рысалиев Тергөө кызматынын чечими менен Кыргызстандын аймагынан чыкты
ИИМ Жогорку Кенештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетиши тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди.
Эске салсак, Рысалиев Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып, үй камагына алынган. Бирок бүгүн президент менен Бириккен Араб Эмиратына учуп кеткен.
ИИМдин маалыматы боюнча Рысалиевге
Тергөө кызматы уруксат берген.
"2019-жылдын 2-ноябрында З.Рысалиевдин ден-соолугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары аймакта дарыланышы зарыл экендиги боюнча анын жактоочусу кайрылган. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы, анын ден-соолугунун абалын эске алуу менен жана Кытай Элдик Республикасынын аймагында дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алуу менен З.Рысалиевге карата белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагынан чыкпоо тууралуу чектөөлөр алынып салынгандыгын белгилейбиз", - деп маалымдады ИИМ.
Добавить комментарий ×