Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча сурак берди

21 май 2019 15:11 2604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боштондукка чыккандыгына байланыштуу ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматта буга чейин Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзүү тапшырмасын бергени айтылат.

Белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары түрмөдөн бошотуу үчүн атайылап А.Батукаевге оор илдеттин аныктамасын (острый миелобластный лейкоз) кошкандыгы айтылып келет. 2013-жылы КР ЖК депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ бул аныктама жалган экендигин аныктап, жокко чыгарган.

Сотко чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө КР ССМ караштуу Гемотология илимий борборунун мурдагы кызматкерлери Р.А., М.Э., Ц.И. кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу кабарланган. Каралып жаткан кылмыш иши боюнча ошондой эле Б.К. жана КРӨ караштуу ЖАМКнын медициналык кызматкерлери А.А менен А.Ф. кармалган. Ошондой эле мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев дагы камакка алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/zarylbek-rysaliev-batukaevdin-ishi-boyuncha-surak-berdi



Добавить комментарий