ИИМ: Тергөө иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Атамбаев тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилет

8 август 2019 21:12 1109 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча күч түзүмдөрүнүн биргелешкен иш аракеттеринин негизинде Атамбаев колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш аракеттери жүргүзүлгөн убакта адам өлүмү болгон жок.

Мурдагы президентти кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүн Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке өзү жетекчилик кылды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык мындан аркы иш аракеттерди жүргүзүү боюнча тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-terg-ilikt-ishterin-zhrgz-chn-atambaev-tijisht-organdarga-tkrlp-berilet



Добавить комментарий