Депутат Жумалиев прокуратуранын мурдагы кызматкери Жапыкеевге карата арыз жазып, милицияга кайрылды
Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, соцтүйүндөрдө өзүн мурдагы прокуратура кызматкери деп атаган Сыймык Жапыкеев аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда Жапыкеев Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун жана ошондой эле, анын байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн.
Арыз 7-майда ИИМдин кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү (жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Жапыкеевдин соцтүйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыкты. Иликтөөлөр көрсөткөңдөй, Жапыкеев Жумалиевди ири коррупционер экендигин, ал көптөгөн жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллиондогон долларды чапчыган мамлекеттик байлыктарды менчиктеп же уурдап алгандыгын айткан.
Ошол эле убакта элге чакырык таштап Жумалиевдин үйүнө барууну жана мыйзамсыз тапкан байлыктарын кайтарып алууну жана аны Кыргызстандын Кытайдын алдындагы карызды төлөп койолу деген чакырык таштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Жапыкеевдин акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалды.
Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Добавить комментарий ×