ИИМ: "Шектүү облустук прокурорду өлтүрүп денесин өрттөп салган"

24 ноябрь 2018 22:44 1975 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү тууралуу айрым фактылар ачыкка чыга баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМнен кабарлашты.

Маалым болгондой, прокурордун өлүмүндө Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков шектелүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда аңчылык учурунда Мелис Калыков менен Анарбай Мамажакыпов урушуп кетишет. Түшүнбөстүк мушташка айланып жыйынтыгында Калыков аңчылык кылуучу куралдан маркумга ок чыгарган. Кийин кылмышты жашыруу максатында Калыков маркумдун денесин өрттөп салган. Жыйынтыгында Анарбай Мамажакыповдун денесинин 80 пайызы күйүп калган. Ал тургай  маркумдун жакындары аны кыйынчылык менен тааныган.

Азыркы учурда шектүү Мелис Калыков Ош шаарынын убактылуу кармоочу бөлүмүндө сурак берүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/iim-shekt-oblustuk-prokurordu-ltrp-denesin-ttp-salgan



Добавить комментарий