ИИМ: Митингчилердин арасында ичимдик ичип алгандар да бар. Шаардыктардын тынчтыгын бузбай тарап кетиңиздер

5 октябрь 2020 19:52 712 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМ митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар экендигин айтып, ошондуктан  аларды тарап кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат. Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эске салабыз", -деп айтылат билдирүүдө.

"Ошондуктан, жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырабыз", -деп кошумчалады ИИМ.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-mitingchilerdin-arasynda-ichimdik-ichip-algandar-da-bar-shaardyktardyn-tynchtygyn-buzbaj-tarap-ketiizder



Добавить комментарий