ИИМ: Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

15 май 2021 11:26 533 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда жыл сайын 15-май күнү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон ИИМдин жана ички аскерлердин  аскер кызматчыларынын жаркын элестери эскерилип келет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 15-май күнү ИИМдин имаратында өткөн эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын начальниктери жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты.

"Бүгүн кызмат учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. КРын ички иштер органдары даңазалуу күжүрмөн каада-салтты бекем кармап, муундан-муунга калтырып, ар-намыс жана кадыр-барк менен республикабыздын кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарып келишет", - деди Нурбек Абдиев.

Министрдин орун басары эскерүү учурунда жүздөгөн милиция кызматкерлери кылмыштуулукка жана кылмышкерлерге каршы аёосуз күрөштө бычактын мизи менен басышып, атылган окко тике карап, жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун сактап калууда эрдик көрсөтүшүп, жаркын келечек үчүн, бейпил жашоо үчүн өз өмүрлөрүн аябай курман болушканын айтты.

"Биздин аталарыбыздын, агаларыбыздын тайманбас  эрдиги тарых болду, келечек муундар үчүн үлгү болду жана алардын эр жүрөк тайманбастыгы кыргыз милициясынын тарыхында түбөлүк орун алды. Элим деп, жерим деп жанын берген кесиптештерим тууралуу ондогон адабий-документалдуу китептер, фильмдер, эрдикти даназалаган чыгармалар жазылды. Албетте, бул да аздык кылат. Эр жүрөк аталарыбызга жана агаларыбызга, кесиптештерибизге алардын эрдиктери үчүн баш ийип таазим кылабыз!”, - деп билдирди Нурбек Абдиев.

Ошондой эле, 1991-жылдан ушул күнгө чейин 57 кызматкер, КРнын ички иштер органдарынын жалпы 144 кызматкери кызмат учурунда курман болгонун айтып өттү. 

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматы ар дайым тобокелчилик менен коштолгонун белгиледи.

"Көп учурда  милиция коркунучка, өзгөчө кырдаалдарда тайманбастан бетме-бет кездешип, өздөрүнүн эрдигин жана кайраттуулугун көрсөтүшүүдө.  Милиция кызматкерлери баатырдыктын үлгүсүн көрсөтүп,  кызматтык милдеттерин аткаруу менен өз өмүрлөрү менен кош айтышууда. Биздин арабызда жок кызматкерлер биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталуу бойдон калат”, - деп баса белгиледи.

Иш-чаранын аягында кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элестери үчүн арналган мемориалга гүлдөр коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болду. 

Бүгүн республика боюнча ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө дагы кызматтык учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар туугандарынын катышуусунда  өтүп, алардын мемориалдарына гүл чамбарлар коюлууда. 

Милиция кызматкерлери эрдиктин жана кайраттуулуктун  үлгүсү болгон жолдошторунун жаркын элестерин ар дайым эскеришип, алардын алдында таазим этишет.


Ссылка: https://barometr.kg/iim-kyzmattyk-mildetterin-atkaruu-uchurunda-kurman-bolgon-kyzmatkerler-eskerildi



Добавить комментарий