ИИМ өкүлү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, колго түштү

1 июнь 2018 22:55 1196 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлигинин кызматкери өзүнүн ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыктар тарапка мыйзамсыз документтерди жасалгалоосу үчүн кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. Билдирүүлөргө караганда, милиция кызматкери мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү менен сүйлөшүп алып, унааны каттоо боюнча күбөлүккө газ баллондук жабдуу орнотулганын мыйзамсыз жазып келишкен. Бул кызмат көрсөтүүсү үчүн ички иштер министрлигинин өкүлү 2 миң сомдон алып жүргөн. Ага карата Башкы прокуратура 3 берене менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-kl-kyzmat-abalynan-kyyanattyk-menen-pajdalanyp-kolgo-tsht



Добавить комментарий