ИИМ: баласын катуу сабаган кишинин ким жана кайда экени аныкталды

17 апрель 2020 17:00 907 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиция баласын катуу сабаган киши ким экенин аныктады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, социалдык тармакта баласын айтканын жасабаганы үчүн сабап жаткан кишинин видеосу тараган.

Милициянын маалыматына ылайык, баласын сабаган киши 1985-жылы туулган Ж.Э. экенин, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган. Ал эми анын аялы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экени аныкталды. Алар 2019-жылы 16-октябрда үй-бүлөсү менен Россияга учуп кеткен. Учурда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү алардын жашаган жерин аныктоо боюнча аракеттерди көрүп жатат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-balasyn-katuu-sabagan-kishinin-kim-ekenin-zhana-kajda-ekenin-anyktaldy



Добавить комментарий