ИИМ Сейитбек Атамбаевди суракка алып кайра бошотту

9 август 2019 21:45 1278 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты.

Бул туурауу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр Сейитти суракка алып анан бошотуп жиберишкен.

Сейит кайсыл окуя боюнча суралганы айтылган жок.

Эске сала кетсек, милиция бүгүн түштөн кийин Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаевди суракка алыып келген.

 Милициянын сурагына бүгүн мындан сырткары КСДПнын өкүлдөрү депутаттар Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев сурак беришкен. Ал эми, партия мүчөлөрү Алга Кылычев, Темирлан Султанбеков, Амантур Жамгырчиев, Эрмек Окенов, Тилек Абдиев да бүгүн ИИМге суракка алынып келинген.


Ссылка: https://barometr.kg/iim-atambaevdi-suraka-alyp-kajra-boshottu



Добавить комментарий