III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын медалын жасоого конкурс жарыяланды
Бөлүшүү:
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын медалын жасоого конкурс жарыяланды. Бул тууралуу жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Иштерди кабыл алуу 25-июньга чейин созулат.
Сунушталган эмгектер төмөнкү талаптарга жооп берилиши керек:
- Катышуучулар экиден ашык ишин көрсөтө албайт.
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эмблемасы болушу шарт;
- медалдын дизайны эскиз же жасалган түрдө болушу керек;
- улуттук оймо-чиймелер түшүрүлүшү шарт;
- медалдын минималдык диаметри 70 миллиметр, калыңдыгы 0,4 миллиметр болууга тийиш;
- медалдын алдыңкы бетинде англис тилинде III WORLD NOMAD GAMES деген жазуу, арткы бетине KYRGYZ REPUBLIC 2018 деп жазылышы керек.
Жеңүүчүгө 20 миң сомдук сертификат тапшырылат.
Ссылка: https://barometr.kg/iii-djnlk-kchmndr-oyundarynyn-medalyn-zhasoogo-konkurs-zharyyalandy
Добавить комментарий ×