III-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына Ирандын улуттук спортчулары келет
Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси А.Абдуразаков Иран Көчмөндөр оюунун Федерациясынын Президенти Голям-Реза Джафари менен КР элчилигинде жолугушту. Бул тууралуу Тышкы Иштер Министрлиги маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандын элчиси Чолпон-Ата шаарында өтө турган III- Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндар жөнүндө жана катышуу шарттары тууралуу маалымат берип, ирандык спортчуларды чакыруу менен Ысык-Көлдө өтүүчү оюнга жигердүү катышып берүүсүн суранды.
Джафари мырза чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын улуттук спортчулар командасын III-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына жигердүү катыша тургандыктарын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/iii-djnlk-kchmndr-oyundaryna-irandyn-uluttuk-sportchulary-kelet
Добавить комментарий ×