III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын талисманы деп ак илбирс бекитилди

19 август 2018 03:20 2384 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ак илбирс алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин катчылыгынан билдиришти.  

Маалым болгондой, ак илбирсти жана алардын экосистемаларын сактоо Кыргызстан үчүн мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү тапшырма болуп саналат. Талисмандын көркөм образынын автору — режиссер-аниматор Төлгөбек Койчуманов. Ал ак илбирсти оюндун талисманы катары киргизүү демилгеси бул жаныбарды коргоо маселеси менен байланыштуу экенин белгиледи. 

Белгилей кетсек, Илбирс Кызыл китепке кирген баалуу жаныбарлардын бири. Үчүнчү көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин өтөт.


Ссылка: https://barometr.kg/iii-djnlk-kchmndr-oyudarynyn-talismany-dep-ak-ilbirs-bekitildi



Добавить комментарий