“Ида” ураганынан каза тапкандардын саны 44 адамга жетти
Американын түндүк чыгышында болгон “Ида” ураганынын кесепетинен каза тапкандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Кырсыктан көптөгөн шаарлар, анын ичинде Нью-Йорк калаасы жабыр тартты.
Ураган аймакка нөшөрлөгөн жамгырды алып келип, анын натыйжасында көчөлөрдү, жер алдындагы өткөөлдөрдү, үйлөрдүн биринчи кабатын суу каптады.
Жергиликтүү бийлик эң аз дегенде 44 адамдын каза тапканын маалымдады. Нью-Йорк, Нью-Джерси, Бриджуотер шаарларында жана Хиллсборо, Монтгомери, Плейнфилд, Пассаик округдарында кырсыктан каза тапкандар катталды.
Эскерте кетсек, “Ида” ураганы Мексика булуңунун жээктерине 29-августта келген. Жүздөгөн адамдар эвакуацияланган. Нью-Йорк шаарында суу ташкынан улам комменданттык саат киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/ida-uraganynan-kaza-tapkandardyn-sany-44-adamga-zhetti
Добавить комментарий ×