Ички иштер министринин биринчи орун басары Чаткалдагы блокпостторду кыдырды

6 май 2020 10:19 1015 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук коопсуздуктун камсыздалып жаткандыгын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы бардык санитардык-карантиндик посттор менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Жалал-абад ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошев жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев менен бирге Чаткал районундагы бир катар айылдарды кыдырышып, абалы менен танышып чыгышты. Ошондой эле, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айыл өкмөттүн башчысы менен өзгөчө абал киргизилген жерлердеги коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты. Анда коронавирус илдетинин мындан ары жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар белгиленди.

Андан сырткары, жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларына көңүл бурушуп, аны чечүүнүн жолдорун карашты. Чаткал районунун көчөлөрүндө жана райондун борборунда аталган илдетти болтурбоо максатында санитардык коопсуздукту сактоо зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүрүүдө. Кайгуул унаалары катуу үн чыгаруучу каражаттар менен коронавирусту алдын алуу чаралары жөнүндө маалымдашууда. Жергиликтүү тургундарга өзгөчө муктаждык жаралган учурда гана үйдөн чыгууга, аралыкты сактоого жана коомдук жайларга баруудан карманып туруу сунушталат.

Ошондой эле, санитардык-карантиндик постторду ар убак дезинфекциялоо керектиги айтылды. Биринчи кезекте санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк товарларын, дары-дармектерди өткөрүү керектиги белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministrinin-birinchi-orun-basary-chatkalda-blok-posttordu-kydyrdy



Добавить комментарий