Ички иштер министри Ош, Жалал-Абад, Баткендин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

19 февраль 2020 16:46 623 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ош шаары жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын аймагында коомдук тартип сактоодо кескин чараларды көрүү керектигин белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди. 

19-февралда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ош шаарынын жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын ички иштер органдарынын жетекчилик курамы  жана  ыкчам кызматтар менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө министр акыркы мезгилдерде Ош шаарында жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын аймагында криминалдык кырдаал, ар кандай коомдук резонанс жараткан криминалдык окуялар, жарандардын укуктары менен коопсуздуган тынчсызданган кайрылуулар болуп жаткандыгын айтты. Ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө да ар кыл сындар айтылып жаткандыгы боюнча маселелер талкууланды жана жергиликтүү укук коргоо органдарына тапшырмалар берилип, ушул багыттарга өзгөчө көңүл буруу керектиги баса белгиленди.

“Ош шаарынын жана Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын милиция кызматтары кылмыштуулуктун алдын алууда, коомдук тартипти, жарандардын укуктарын сактоодо жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө кескин чараларды көрүү керек. Ар бир кайрылуу, ар бир арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, андан соң тез жана сапаттуу иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлсүн", - деди ал.

Ушул багыттарда айрым бир учурларда кемчиликтер кетирилип, жарандардын арыз муңу каралбай, аларга акыйкат мамиле жасалбай калгандыктан, жарандар областтык жана шаардык милициядан жогору инстанцияларга кайрылууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Ошондой эле Ош шаарынын жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын аймагындагы кырдаал толугу менен электен өткөрүлүп, кемчиликтер баса белгиленип, криминалдык кырдаалды жөнгө салуу маселесиндеги негизги багыттар боюнча кошумча иш чаралар белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministri-osh-zhalal-abad-batkendin-zhetekchileri-menen-keeshme-tkrd



Добавить комментарий