Жунушалиев жети дубан менен онлайн кеңешме өткөрдү (Сүрөт)

20 июль 2020 18:02 747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев онлайн кеңешме өткөрдү. Ага жети дубандын ички иштер башкармалыгынын мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев онлайн кеңешме өткөрдү. Ага Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыгынын мүчөлөрү катышты.

“Негизги маселе кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бир областта медицина бөлүмдөрүндө дарыланып жаткандарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү жана кошумча атайын стационарларды ачуу жана кызматкерлердин ден соолугуна, ардагерлердин саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу жана ар тараптуу бардык жардамдар берилиш керектигин жана ушул багытта ишти колго алууда жана уюштурууда жергиликтүү жетекчиликтин жоопкерчилиги катуу болоорун эскертилди», - деп айтылат маалыматта.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги приоритеттик багыттарда ишмердүүлүктү күчөтүү багытында тапшырмалар коюлду.

Ошондой эле, онлайн кеңешме ИИМде ар жума сайын өткөрүлүп коомдук тартипти сактоо багытында орчундуу маселелер талкууга алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministri-kashkar-dzhunushaliev-onlajn-keeshme-tkrdsrt



Добавить комментарий