Ички иштер министри ЕККУ менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Бүгүн, 5-ноябрда Австрия Республикасынын Вена шаарында ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясынын алкагында Ички иштер министри Улан Ниязбеков Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Жолугушууда Улан Ниязбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин 20 жылдан бери колдоп келе жаткандыгын белгилеп, бирок өзгөчө олуттуу жетишкендиктер 2003-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Полициялык программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө кесиптик даярдыктын жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жетишээрлик жогорку деңгээлине жеткендигин маалымдады.
Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Стратегиялык мерчемдөө бөлүмүн жолугушууну уюштуруп, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына системалуу реформалоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministri-ekku-menen-kyzmattashuu-tuuraluu-sjlshlrd-tkrd
Добавить комментарий ×