Ички иштер министирлиги кыз ала качкандарга жазаны оорлотууну сунуштайт
Ички иштер министирлиги кыз ала качуу үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштайт. Мажбурлоо менен никеге тургузгандарга карата кылмыш жаза кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Сунушталган документ күчүнө кирсе, ала качууга баргандарга 300 миң сомго чейин айып пул тагылып же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай кылмыштарды кыскартууга багытталган жаңы мыйзам долбооруна эмнелер камтылган жана жемиштуу жыйынтыгын береби деген суроону тийиштүү кызматкерлерге узаттык.
“Ала качуу” 20 жылдан ашык убакыттан бери, бир гана мамлекет менен коомчулуктун көйгөйү болбостон, эл аралык деңгээлде кызуу талкууну жараткан маселе болуп келет. Кыргызстанда 2013-жылдан бери кыз ала качкандарды жоопко тарткан мыйзам иштей баштаган. Айрым депутаттар тарабынан да жашы жете элек кыздарды никеге турууга мажбурлоо жана диний ырымдар боюнча мыйзамдар сунушталып, ишке ашырылган. Бирок, ИИМдин өкүлдөрүнүн билдиргенине таянсак, колдонулган чараларга карабастан аялдын эркин тепсеген кылмыштар байма-бай орун алып жатат.
Коомчулукта кыз ала качууну кылмыш деп жектегендер дагы, аны салт катары жактагандар дагы бар. Бирок кандай болгон күндө да кыргызстанда бугунку мыйзам боюнча мындай жолго баргандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, оор кылмыш катары сыпатталат деп белгилейт Рустам Махмудов:
Рустам Махмудов: “Кыргыз республикасынын кылмыш жаза кодексинин күчүндөгү редакциясында ала качуу оор кылмыш деп эсептелет. Бул кылмыш жаза кодексинин 154- беренесинде он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу керектиги жазылган. 155-беренеде, аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”
Кыргызстанда жылына болжолдуу 16 миңге чейин кыз ала качууга кириптер болушат, алардын дээрлик жарымы өз эркине каршы күч менен никеге тургузууларын эл аралык изилдөөлөр тастыктаган. Катталган фактылардын көптүгү учурдагы мыйзам иштебей жаткандыгынан кабар бере тургандыгын адистер белгилешет. Буга байланыштуу Ички Иштер министирлиги ала качуу үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштайт. Бул боюнча кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкандыгын Рустам Махмудов билдирет. Сунушталган документ күчүнө кирсе, ала кчачкандарга карата 300 мин сомго чейин айып пул тагылып же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Рустам Махмудов: “Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизип, кыз ала качкандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен 300 миң сомго чейин айып пул салуу каралууда. ИИМ кыз ала качуу өнөкөтү азыр да курч маселе бойдон калып, буга чейинки көрүлгөн чаралар абалды оңдоого жетишсиз болуп жатат.”
Өлкөдө кыздардын 12%дан ашууну 18 жашка толо электе эле турмушка чыгышат. Ал эми айыл жерлеринде бул сан 14%га ашат. Укук коргоочулардын пикири боюнча, ала качкан тарап жазадан жеңил кутулуп кеткендиктен, кыз ала качуу фактылары азайбастан көбөйүп жатат. Эрки менен укугу тепселенгенден өз өмүрүнө кол салган кыздар тууралуу катталган учурлар да бар. Маселен, ушул жылдын июнь айында мамлекет башчынын көңүлүн өзүнө бурган Бурулайдын кайгылуу тагдыры коомчулукта чоң резонансты жаратып, социалдык тармактарда ала качкандарга карата катуу чаралардын көрүлүшү тууралуу талкууга жем таштаган. Президент Сооронбай Жээнбеков да жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөрдүн баары катуу жазаланып, кызматтан айдалгандан тарта кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылышын талап кылып өкмөт башчыга тапшырма берген. Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында 23 кызматкер жазаланып, анын ону биротоло кызматтан кетирилип, жети кызматкерге эскертүү берилген.
Белгилей кетсек, кыздын эрки менен эсептешпеген, канчалаган кыздын тагдырына балта чаап, бактысыз жашоого кептеп, балдарды жарым жетим калтыргандарга карата жазаны катаалдаштыруу зарыл экендигине коомчулук да кошулат. Ошол эле учурда биринчи кезекте алардын аң сезимин калыптандыруу керек дегендер да бар.
ИИМдин маалыматы боюнча 2013-2018-жылга чейин 5 жыл ичинде күч органдарына ала качуу боюнча 895 арыз келип түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучуга карата иш кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга кесилген. Улуттук статистикалык комитеттин “Гендер коомчулуктун кабыл алуусунда” аталашындагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда никелердин 20 пайыздан ашыгы кыз уурдоо жолу менен ишке ашырылат. Бирок укук коргоочулар алардын көпчүлүгү тергөө учурунда кыскартылып, сотко жетпей калаарын айтышат.
Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministirligi-kyz-ala-kachkandarga-zhazany-oorlotuunu-sunushtajt
Добавить комментарий ×