Ички аскерлер ардагерлеринин төрагасы Асылбек Молдобаев менен маек
Ички аскерлер ардагерлеринин «Аскердик боордоштук» коомдук бирикмесинин Төрагасы Асылбек Молдобаевден ички аскерлердин өздүк курамы коронавирус илдети тараган кезде ички иштер органдары менен биргеликте республикабыздын бардык аймактарында карантиндик иш-чараларды, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуудагы орду тууралуу маек курдук. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
- Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал киргизилгенден баштап, Сиздин оюңуз боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздұк курамы тарабынан кайгуул-күзөт кызматы кандай уюштурулду? Өздүк курам коюлган тапшырманы аткара алдыбы?
- Биздин өлкөбүздө Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал киргизилгенден эле ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу милдетин аткара башташты. Ушул убакытка чейин суверендүү Кыргызстандын тарыхында Ички аскерлер ар түрдүү окуяларда кызматтык милдеттерди аткарып келишкени анык(мисалы: сел, жер көчкү, эл аралык террористер менен күрөшүү), бирок биринчи жолу пандемия болуп, коронавирус илдети тараган кезде Ички иштер органдары менен биргеликте республикабыздын бардык аймактарында карантиндик иш-чараларды, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылышты. Бардык өзгөчө абалдагы иш-чаралар Ички коопсуздук аскер кызматынын күжүрмөн уставынын негизинде жоопкерчилик менен аткарышты. Өздүк курам карантин аймактарында кайгуул-күзөт кызматын ак ниеттүүлүк менен жогорку денгээлде уюштурушту деп эсептейм
- Сиздин оюңуз боюнча, Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери кандай деңгээлде жүргүзүлдү?
- Аскердик жамаатта Аскердик антка бек туруп, жогорку моралдык духу, күжүрмөн даярдыгы баамдалып турду. Аскерлер кайгуул-күзөт кызмат өтөө убагында карантин аймагындагы жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, элдин сый-урматына ээ болушту. Бүгүнкү күндө ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы жарандарга өзгөчө кырдаалдын шарттарын бузбоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүдө салымы чоң экендигин баса белгилегим келет.
Ссылка: https://barometr.kg/ichki-askerler-ardagerlerinin-tragasy-asylbek-moldobaev-menen-maek
Добавить комментарий ×