Ибраим Нуракун уулу: Садыр Жапаров умай энелердин, ак сакал аталардын батасы менен эл башына келди
Журналист, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Ибраим Нуракун уулу Садыр Жапаровду эл шайлаганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныгандардын катарында экенин билдирди. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“2020-жылы 5-октябрдагы шайлоодо "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" партиялары парламенттен 90дон ашуун мандатты утуп алганын мен деле, ошол кезде мамлекеттик кызматкер болгонума карабастан, тааныган эмесмин. Бүгүн тааныдым.
Калың элдин маанайы канча чырылдап, канча дебаттарды өткөрсөң деле өзгөрчүдөй эмес. Парламентаризмден башка жол жок дедик, "хан" дедик, "ханституция" дедик, болбой эле элибиз жаңы "хан", жаңы "ханституцияга" добуш берип салды.
Жеңилген тараптан 67% эл шайлоого келбей койду, демек, шайланган президентке ишеним аз деп атышат. Жок шайлоону фейктер кылды ишенбейм, тааныбайм деп башкы атаандаш көгөрүп туру. Сынчылардын көбү: көрөбүз, бюджетте акча жок, команда жок, чылгый аферисттердин жана кошоматчылардын торунда калды, көп чыдабайт, жакында эле жели чыгат деп, күбүрөнүп өздөрүн сооротушат.
Мен болсо жаш ишмер Элдар Абакировго, башкаруу формасын болсо парламентикке добуш берип кайттым. Жубайым, баамымда, Клара Сооронкулова айымды тандагандай. Айылдагы ата-энем болсо Садыр Жапаровго батасын берген көрүнөт, улам эле куттуктаган смстерди жиберип жатышат.
17 талапкердин ичинен кайсы бир сапаттары менен жаккандары көп. Эгер шайлоого кайдыгер карагандардын да бюллетендерин мага берип койгондо, Клара Сооронкулова, Улукбек Кочкоров, Мыктыбек Арстанбек, Бактыбек Калмаматов, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиевдерге да бирден добуштарды берип чыкмакмын.
Мен болсо, чыгаан ишмер, ай десең айда жок, күн десең күндө жок акылдуу агайым Адахан Мадумаровдун жактоочулары менен бирдей сезимде, жеңилүү ызасын тартып, туздалган куруттан улам бирди оозго салып коюп олтурган маалым.
Эмнеси болсо да элдин тандоосун сыйлашыбыз керек. Садыр Жапаровду жөнөкөй эл шайлады, умай энелердин, кызырдай болгон аталардын батасы менен эл башына келди. Алдыбызда дагы далай кыйын ашуулар турат. Тээтиги коюу тумандын нары жагында эмне жатканын бир Кудай өзү гана билет. Жанагылардын жаңы президент көп өтпөй эле жарга кулайт, чалынат, жыгылат деген сөздөрү, ылайым эле, калп болсо экен”, - деген оюн жазды журналист.
Добавить комментарий ×