Ибраим Нураку уулу: Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын техникалары талкаланды

6 октябрь 2020 10:45 592 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 5-октябрда митинг баш аламанбык менен коштолуп, митингчилер Жогорку Кеңештин имаратына кирип барышкан. Натыйжада Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын техникалары талкаланганы маалым болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

“Урматтуу кесиптештер, түндөгү окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын радиостанциясы, телестудиясы, парламенттик кабарчылардын пресс-бөлмөсү, пресс-борбор, чоң жыйындар залындагы түз эфир камсыздоочу камералар  жана серверлери талкаланды. Бирок, биз эң негизгиси элибиз аман болсун, калган нерселерди уюштуруп алабыз деген үмүттө турабыз. Kenesh.kg сайты убактылуу иштебейт, бул үчүн кечирим сурайбыз. Расмий маалыматтарды убактылуу электрондук почта аркылуу таратып турмакчыбыз. Биз эл мененбиз! Ылайым, элибиз аман, мамлекетибиз бүтүн болсун”, -деди Ибраим Нуракун уулу.

Ссылка: https://barometr.kg/ibraim-nuraku-uulu-zhogorku-keeshtin-maalymat-kyzmatynyn-tehnikalary-talkalandy



Добавить комментарий