Хоккей боюнча Кыргыз курама командасы Малайзияда

23 ноябрь 2018 11:00 1240 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз курама командасы Малайзияда өтүүчү хоккей боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат.

Аталган мелдеш Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 2-9-декабрь аралыгында 8 команданын катышуусунда өтөт. Кыргыз курама командасы башкы машыктыруучу Максим Жабуниндин баштоосунда катышат. Жабунин курам командага 21 хоккейчинин чакыргандыгын билдирген.

Кыргыз курама командасы "А" тайпасына кирип, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары жана Филиппиндин спортчулары менен күч сынашат.

Ал эми "В" тайпасына Таиланд, Кувейт, Монголия жана Индонезия курама командалары кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/hokkej-boyuncha-kyrgyz-kurama-komandasy-malajziyada



Добавить комментарий