Хашим Зайналиев "Апрель" телеканалынын журналистине карата арыз берди

12 март 2019 16:30 1809 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Табып Хашим Зайналиев "Апрель" телеканалынын журналистине карата доо арыз берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Бишкек ШИИБдин берген маалыматына таянсак, кечээ, 11-мартта "Апрель" телеканалынын журналисти Зайналиевге карата арыз жазган. Бул арыз Октябрь райондук ИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “журналисттин мыйзамдуу ишмердигине тоскоолдук жаратуу беренеси” менен катталган.

Ушул эле күнү кечинде Зайналиев "Апрель" телеканалынын кызматкерлерине карата арыз берген, бул доомат да Октябрь райондук ИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “турак жайдын кол тийбестигин бузуу” беренесине ылайык киргизилген.

Эскерте кетсек, кечээ 11-мартта “табып Хашим Зайналиев "Апрель" телеканалынын журналистин үйүнөн кубалады” деген маалыматты April.kg сайты кабарлаган эле.

 

Ссылка: https://barometr.kg/hashim-zajnaliev-aprel-telekanalynyn-zhurnalistine-karata-aryz-berdi



Добавить комментарий