Хашим Зайналиев "Апрель" телеканалынын журналистин сөгүп, кубалап жибердиби?

11 март 2019 21:23 6397 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Табып Хашим Зайналиев "Апрель" телеканалынын журналистине кол салды” деген маалыматты April.kg сайты кабарлады.

Кабарчы Юлия Кулешованын айтымында, алар бүгүн табыптын клиникасына барышкан. Журналисттер соттун чечими аткарылып жатабы так маалымат алмак болушкан.   

Эскерте кетсек, бир аз мурда Октябрь райондук соту прокуратуранын Зайналиевдин ишмердигин мыйзамсыз деп табуу тууралуу доо арызын канааттандырган болчу.

Журналисттер клиникага барган кезде Хашим Зайналиев аларды сөгүп, эшикке түрткүлөп кубалап чыкканын жабырлануучу журналист маалымдады.

“Араң аман чыктык, дагы жакшы бир жерибизди сындырып алган жокпуз. Бир аз колум ооруп жатат”,-деп билдирди  Юлия Кулешова.

Ссылка: https://barometr.kg/hashim-zajnaliev-aprel-telekanalynyn-zhurnalistin-sgp-kubalap-zhiberdibi



Добавить комментарий