UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов 9 айга беттештен четтетилди

30 январь 2019 13:34 8544 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Таймаштын аралаш түрлөрү (UFC) боюнча дүйнө чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго тогуз ай беттешке чыгууга тыюу салынды. Мындай чечимди Невада штатынын атлетикалык комиссиясы кабыл алды.

Дисквалификациядан тышкары Нурмагомедов айып иретинде 500 миң доллар төлөйт. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор да 6 айга беттешерден четтеп, 50 миң доллар айып пул төлөйт, деп жазылат маалыматта. Эске салсак, 2018-жылдын 6-октябрында Лас-Вегас шаарында Хабиб Нурмагомедов UFC'нин чемпиондук титулу үчүн беттеште Конор Макгрегорду жеңип алган. Беттештин соңунда Нурмагомедов октагондон чыгып, Конордун тарапташтары менен мушташа кеткен. Бул жаңжалга катышкан башка адамдар - Хабибдин тарапташтары Зубайр Тухугов жана Абубакар Нурмагомедов - бир жылга дисквалификация алып, 25 миң доллар айып пул төлөшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedovgo-toguz-ajga-betteshke-chyguuga-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий