Хабиб Нурмагомедов Африкадагы балдарга өз эсебинен мектеп салып берет

7 ноябрь 2018 15:17 1889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов  өзүнүн миллион доллар акчасын Африкадагы жарды адамдарга кайрымдуулукка берет. Бул тууралуу анын менеджери  Али Абдель-Азиз маалымат таратты. Акчанын көпчүлүк бөлүгү жаш балдар билим ала турган мектепке жумшалат. Африка өлкөсүнө Хабиб Нурмагомедов өзү барып, ал жердеги балдардын жашоо абалы менен таанышып кайта турганы маалым болду.

“Биз 1 миллион доллар акчаны Африка өлкөсүндөгү жаш балдар үчүн кайрымдуулукка берип жатабыз. Хабиб ушул айдын аягында Африка өлкөсүнө барат. Ал жардамга муктаж адамдарды өз көзү менен көрүп, алар менен таанышып келүүнү максат кылып жатат”,-деди  Хабиб Нурмагомедовдун менеджери.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Дүйнөнүн Эң таасирдүү 500 мусулманынын (The Muslim 500) катарына  кирген. Бул тизмеде атактуу жана кайрымдуу иштерди көп кылган мыкты спортчулар жана коомдук ишмерлердин ысымдары бар.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedov-afrikadagy-baldarga-z-esebinen-mektep-salyp-beret



Добавить комментарий