Хабиб Гэтженин ата-энесинин көзүнчө ага оор сокку узаткысы келбегенин айтты

27 октябрь 2020 15:54 1613 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFCнин оор салмактагы мурдагы чемпиону Даниэль Кормье жеңил салмактагы орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен маек курду. Мушкерлердин маектешүүсү ESPN MMA каналына жарыяланган. Аталган каналга шилтеме берүү менен  “Барометр” билдирет.

Даниэль Кормьенин айтымында, Абу-Дабидеги UFC 254 беттешинде Хабиб Нурмагомедов Гэтженин ата-энесинин көзүнчө ага зыян келтиргиси келген эмес.

«Хабиб атасынын сүйүктүү “армбар” ыкмасын колдонмок, бирок Гэтженин ата-энесинин көзүнчө аны кыйнагысы келбегенин айтты. Ал үч бурчтук ыкмасын колдонуп, аны жөн гана бир саамга уктатып койду», - деди Кормье.

Нурмагомедов Гэтжени экинчи раундда "үч бурчтук" ыкмасы менен жеңип, күрөштөн кийин карьерасын ушуну менен жыйынтыктаганын жарыялаган.

Нурмагомедовдун рекорду аралаш мушташ боюнча 29  жолу октагонго чыгып,  29 жеңишти камтый алды.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-getzhenin-ata-enesinin-kznch-aga-oor-sokku-uzatkysy-kelbegenin-ajtty



Добавить комментарий