Гулзат Мамытбек кыргызды тургузуу үчүн жаңы ыр жаздырды
Белгилүү саентолог, өзүн кыргыздын деми деп атаган Гулзат Мамытбек жаңы ыр жаздырды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Ыр "Кыргызым менин" деп аталат.
Гүлзаттын айтымында бул ыр кыргыз элин жаңы бийиктерди багынтууга үндөйт. Ырда элди ынтымака биримдике чакырат, кыргыз эленин улуу эл болгондугу жана тарыхта да көп жеңишке жетишкендиги тууралуу айтылат, ал эми Кыргызстанды жердеги бейишке теңейт. Аягында өзүнүн элге болгон сүйүүсүн жана шыктандыруусун айтат.
Эскерте кетсек Гулзат Мамытбек өзүн кыргыздын демимин деп айтып келет.
Азырынча клип тартыла элек болгондуктан ырчы баракчасына ырдын аудиосун гана жүктөдү.
Ырдын сөзүн Ташкент кызы Гүл ал эми музыкасын Dj Ролан жазган.
Бул чыгарма Мамытбекти алгачкы эмгеги эмес экенин эскертебиз, ал буга чейин "Россия-матушка вставай!" аттуу ырды ырдап жадагалса ага клип тарткан. Албетте бул ырдын да шыктандыруу (мотивация) болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/gulzat-mamytbek-kyrgyzdy-turguzuu-chn-zhay-yr-zhazdyrdy
Добавить комментарий ×