Гризман: "Атлетика" футбол командасы максатына жетти, биз бактылуубуз
"Атлетико” футбол командасынын чабуулчусу Антуан Гризман Чемпиондор лигасында “Монако” командасы менен таймашта утушка ээ болушуна кубанганын билдирди.Бул тууралуу УЕФА басма сөз кызматы кабарлады.
Гризман өткөн сезондо оюнга өтө маани бербегенин айтты.
Анын айтымында мадридтик команда тайпасынан биринчи чыгууну көздөйт.
"Өткөн сезондо баары башкача болчу мен толугу менен багытталган эмесмин, бирок азыркы сезондо баары башка нукка өзгөрдү, азыр мен өзүмдүн оюнум менен кубанып жатам, күйөрмандарыма рахмат.
Баарынан дагы биздин максат “плей-оффго” чыгуу болчу. “Атлетико” максатына жетти. Өткөнкү сезонго салыштырмалуу биз бактылуубуз. Эми биз тайпабызда биринчи болууну көздөп жатабыз жана оюнда болгон убакытка ыракаттануу менен карайбыз", - деп айтты Гризман.
Ссылка: https://barometr.kg/grizman-atletika-futbol-komandasy-maksatyna-zhetti-biz-baktyluubuz
Добавить комментарий ×