Жоламан Шаршенбеков Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга чыкты
Бөлүшүү:
Мелдештин сайтындагы маалыматка ылайык, чемпионаттын экинчи күнүндө беш салмак категориясы боюнча балбандар күч сынашкан.
Шаршенбеков казакстандык, монголиялык жана ирандык балбанды жеңген. Эми ал япониялык балбан Кеничиро Фумито менен кездешет.
Ал эми дагы бир кыргызстандык балбан Руслан Царев биринчи беттеште жеңип, экинчисинде утулуп калган. Царев эми коло медаль үчүн Тайбэйден келген Ян Кай Чен менен беттешет. Андан сырткары Бексултан Махмудов дагы коло байге үчүн күч сынашат.
Добавить комментарий ×