Голливуддун кызматкерлери тарыхта биринчи жолу иш таштоого чыгышты

6 октябрь 2021 09:38 1527 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түндүк Американын фильм өндүрүшү жана телевидениеси токтоп калуу коркунучунда турат, анткени Голливуддун кызматкерлери иш таштоого чыгышты. Бул анын түзүлгөн 128 жылдык тарыхында алгач ирет болуп отурат. Бул тууралуу Associated Press булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Театр ишмерлеринин эл аралык альянсы уюмдун баардык мүчөлөрү иш таштоо жарыялаганын билдирди.

Кызматкерлер жогорку айлык акы, съемкалардын маалында татыктуу эс алууну, коопсуз эмгек шарттарын жана кепилдендирилген тамак-аш менен камсыздоону талап кылышууда.

Кинематографисттер жана телевизиондук продюссерлер альянсы дагы бул талаптарды колдоп чыкты. 

Ссылка: https://barometr.kg/gollivuddun-kyzmatkerleri-taryhta-birinchi-zholu-ish-tashtoogo-chygyshty



Добавить комментарий