Гүлзат Мамытбек сүйүктүүсү менен нике кыйдырганын айтты
Гүлзат Мамытбек сүйүктүүсү Хуан Буэндия менен нике кыйдырганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүн бизге нике окудук! Кудай астында уй-бүлөө болуп калдык! Аллахка чексиз мактоолор! Рахмааааат Кудайым!"- деп жазган ал.
Мындай билдирүүгө көпчүлүгү "Күйөөң мусулманбы?"-деген суроону беришти. Айрымдары какшык аралаш ар кандай шылдың сөздөрдү жазышты.
Арасында эки жашка бакыт каалап, жакшы тилектерин жазгандар да болбой койгон жок.
Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbek-sjukts-menen-nike-kyjdyrganyn-ajtty
Добавить комментарий ×