Гүлзат Мамытбек: Президенттин жубайы болгум келет
Өзүн кыргыздын жаңы деми деп атаган Гүлзат Мамытбек мына ушундай пландары менен бүгүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө берген конференциясында бөлүштү. Ошондой эле ал, Голливудга бара тургандыгын билдирди. “Актриса жана режиссер катары мен Манас тууралуу тасма жаратам. Андан соң 2030-жылы Кыргызстан тууралуу кино тартабыз. Ошондо бүткүл дүйнө кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө сөз кылат”,- деди ал. Гулзат Мамытбектин эң бийик максаты- дүйнөнү Кыргызстанга алып келүү. Анын айтымында, келечекте технологиянын, искусствонун, медицинанын, моданын алдыңкысы кыргыздарда болот. “Биз Голливудду Ысык-Көлдүн жээгине курабыз. Бул атактуулардын жери болот жана ал жерде эң мыкты тасмалар жаралат” деп белгиледи ал
Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbek-prezidenttin-zhubajy-bolgum-kelet
Добавить комментарий ×