Glovo Кыргызстандагы керектөө тенденцияларын талдайт

9 январь 2023 19:54 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Glovo, жеткирүү тармагындагы дүйнөдөгү алдыңкылардын сап башына чыкты.

2022-жылы керектөөчүлөрдүн адатка айланган тиркемедеги буюртмаларынын сиздерге сунуштайт. Ошондой эле , 2023-жылы керектөө суроо-талабына таасир эте турган тенденцияларды көрсөткөн, бир нече продукт категориялары боюнча сүрөт баяндама тартуулайбыз.

Кыргызстандагы Glovo компаниясынын башкы менеджери Айканыш Сапаралиева жыл жыйынтыгы боюнча мындай дейт: «2022-жыл интенсивдүү өсүштүн жылы болду, биз 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстүк, ал тургай жылдын акыркы айында айдан айга өсүш 30% көтөрүлдү. 

Супермаркеттерден жана дарыканалардан буйрутмалар жигердүү өсүп жатат жана алардын үлүшү буюртмалардын жалпы санынын 7% ын ээлейт. Ош шаарында өсүү динамикасы да өтө тез болууда, декабрь айында ноябрь айына салыштырмалуу 70% өстү. 

Кыш мезгилинде орто эсеп менен 45 минутта буюртмаларды жеткирип жаттык. Биздин өнөктөштөр менен болгон базабыз да тездик менен өсүүнү улантууда жана миңден ашуун өнөктөштөр ай сайын биздин платформада өз өнүмдөрүн жана кызматтарын жигердүү сатууда. Бизде мындан аркы өсүү үчүн дагы эле чоң потенциал бар жана 2023-жылдын биринчи кварталында жаңы долбоорлорду ишке киргизүү боюнча чоң пландарды коюп жатабыз.


2022-жылдын тенденциясы

Өткөн жылы Кыргызстанда түрк тамактарынын популярдуулугу абдан өскөн. Статистика көрсөткөндөй, түрк кафе-ресторандарынан келген буюртмалар +1374% өскөн.

Көбүрөөк байкаларлык өсүш супермаркеттерден келген буйрутмалар – 7258% болду.

Ал эми, 2022-жылдын эң таң калыштуу тенденциясы - пландаштырылган буйрутмалардын санынын көбөйүшү. Бул көрсөткүч +132% түздү.

Рекорддор жана жогорку көрсөткүч

Кыргызстандагы эң активдүү колдонуучу жыл ичинде 410 буюртма берген. Ишемби күнү кыргызстандыктар жеткирүү кызматын эң көп колдонушат, бул жуманын эң көп буюртма болгон күнү. Ал эми, эң көп буйрутма түшкөн күндүн убактысы 19:00-20:00.

Биздин өлкөдө эң көп 3 ашкана керектелет. Көбүнчө Америка тамактарына буйрутма берилет, экинчи орунда Жакынкы Чыгыш ашканасы, үчүнчү орунда адал тамактар турат.

Тамак-аш менен бардыгын алдын ала айтууга болот: гамбургерлерге, пиццага жана лагманга былтыр Бишкек менен Ошто эң көп буйрутма берилген.

Азык-түлүктөн тышкаркы категориялар

Бишкек жана Ош шаарларына дагы бир топ азык-түлүктөн тышкаркы товарлар жеткирилди. Белек жеткирүү +664%, ар кандай категориядагы эң жогорку өсүш. Белектердин арасынан ичине белек салынган себет бул жылы эң көп жеткирилди.

Гүл жеткирүү да бир топ көбөйдү, буюртмалар 140%га өстү. 14-февраль (Валентин күнү) бул категориядагы эң жогорку күн болгон.

Ошондой эле , косметика жеткирүү өсүшү абдан байкаларлык: + 275% - бул сегментинде заказдардын өсүшүнүн көрсөткүчү.

Бизди таң калтырган буюртма

2022-жылдагы эң адаттан тыш буйруктар да көңүл бурууга татыктуу. Glovo колдонуучуларынын буйрутмаларында тик чаң соргуч, сууда сүзүүчү маска жана арыктоо үчүн каражаттар болгон.

Жылдын жетишкендиктери

Өткөн 2022-жылы Кыргызстанда “Курьерлерге милдеттенме” маанилүү социалдык демилге көтөрүлгөн. Бул программа Оксфорд университетинин эмгек рыногун изилдеген жана андагы өз ара аракеттенүүнүн адилет моделдерин ишке ашырган изилдөөчү бөлүмү FairWork менен биргеликте иштелип чыккан. Колдонуудагы камсыздандыруудан тышкары, курьерлер үчүн социалдык кепилдиктерди кеңейтүү ооруп калган учурда камсыздандырууну (медициналык мекемеден маалымкат болгон учурда компания 30 күнгө чейин оорулууну камсыздайт) жана бир жолку төлөмдү камтыйт. Ошондой эле, Туруктуу жана коопсуз транспорт EASST үчүн Чыгыш альянсы менен бирге Glovo мотоцикл курьерлери үчүн жол коопсуздугу боюнча курстарды баштоодо. Өз бизнесин ачууну каалагандар үчүн компания ишкердик көндүмдөрүн окутуу курстарын өткөрөт, Impact Hub менен бирге бизнес чөйрөсүндөгү белгилүү эксперттердин катышуусунда интенсивдүү курс уюштурулат. Жаңы стандарт Кыргызстандагы курьерлер үчүн коопсуздуктун жана коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

2022-жылы Бишкек шаарында Glovo менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Өткөн жылдын аягында Glovo чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы Glovo Local программасын ишке киргизди. Максаты - ишканаларга өсүүнү тездетүү үчүн өнүмдөрүн жана кызматтарын санариптештирүүгө жардам берүү. Glovo Local Glovo иштеген бардык 25 базарда ишке кирди жана Европада, Африкада жана Азияда биринчи болуп саналат. Бул чакан жана орто бизнестин муктаждыктарына ылайыкташтырылган кызматтардын жана чечимдердин консолидацияланган портфели.

Glovo колдонмосу аркылуу 2022-жылдагы дүйнөлүк керектөө тенденциялары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кириңиз.


            


Glovo тууралуу

Glovo – бул колдонуучуларды бизнес жана курьерлер менен байланыштырган, жергиликтүү ресторандардан, супермаркеттерден, дарыканалардан жана чекене дүкөндөрдөн талап боюнча кызматтарды сунуштаган инновациялык көп категориялуу колдонмо. 

Glovo'нун көз карашы - колдонуучуларыбыз каалаган нерсесин, каалаган убакта, каалаган жеринене оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү. 
2015-жылы Барселонада негизделген компания Түштүк жана Чыгыш Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын 25 өлкөсүндө иш алып барат. 

Glovo жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн веб-сайтка кириңиз. 
Кыргызстанда Glovo кызматы 2020-жылы иштей баштаган жана эки шаарда – Бишкек менен Ошто сунушталган.

Ссылка: https://barometr.kg/glovo-kyrgyzstandagy-kerekt-tendenciyalaryn-taldajt



Добавить комментарий