Гүлчөдө үй өрттөнүп бир адам жабыркады (Сүрөт)
Бөлүшүү:
Алай районунун Гүлчө айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 21-июлда Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында Алымбек датка көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, андагы 16 чарчы метр бөлмө жана үй буюмдары күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1991-жылы туулган үй ээси колунан күйүк алган. Абалы туруктуу.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/glchd-rttn-natyjzhasynan-bir-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×