Германиядан Кыргызстанга медициналык жабдыктар келди
Германия элчилиги коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 30 аба-кычкылтек аралаштыргычтарын белеке берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 18-ноябрда, саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев Германия элчилигинен коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо үчүн 30 аба-кычкылтек аралаштыргычтарын, медициналык жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды кабыл алды.
Белекке берилген медициналык жабдыктар Германиянын Кыргызстандагы коронавирус бейтаптарын эки тараптуу кызматташтыктын жардамы менен дарылоого жана көзөмөлдөөгө кошкон салымы болуп саналат.
Жабдууларды сатып алуу Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Герман эл аралык кызматташтык коому), Саламаттык сактоо министрлиги жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан координацияланган.
Ошондой эле " Жабдык жакынкы арада муктаждыкка жараша республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарына таратылат",- деп билдирди министрдин орун басары.
Жакынкы арада Германия тарабынан каржыланган эл аралык эксперттер тобу келип, Кыргызстандын лабораторияларында кызматкерлердин инфекция коркунучун минималдаштыруу максаты менен келүүсү пландаштырылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/germaniyadan-kyrgyzstanga-medicinalyk-zhabdyktar-keldi
Добавить комментарий ×