Германия дүйнөдө жок экологиялык таза, машина жок шаарды 2024-жылы куруп бүтөт

29 август 2020 10:05 744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Германия буга чейин дүйнө жүзүндө жок экологиялык таза, автоунаасы жок шаар курууну пладап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип “Барометр” которду.

Андагы маалыматка ылайык, шаар 16 гектар аянтка салынарын, "Buckower Felder" деп аталып, экологиянын бардык талаптарына дал келет. Анын эң негизги өзгөчөлүгү автоунаалардын дээрлик жок болорунда. Шаарда тургундар жөө жүрүшөт. Ал эми шаар тургундары транспорт катары велосипед колдонсо болот жана ал үчүн вело жолдор курулат. Ошондой эле жаңы шаарда 40 көп батирлүү үй курулуп, бак-дарактардын көп отургузулушуна, шаарды көрктөндүрүү иштерине көңүл бурулат.

Шаарды куруу иштери 2021-жылга пландаштырылууда. Жалпысынан шаарды курууга болжол менен 3 жыл керектелет. 2024-жылы шаарга 900 батирдин курулушу даяр болот. Алардын ижара акысы болжол менен чарчы метрине 6,5-10 еврону түзмөкчү. Эксперттер шаардын келечеги ийгиликтүү болорун айтышкан, себеби учурда көпчүлүк шаардын ызы-чуусунан тажап, тынчтыкты жана таза экологиялык чөйрөдө жашоону каалашат.

Ссылка: https://barometr.kg/germaniya-djnd-zhok-ekologiyalyk-taza-mashina-zhok-shaardy-2024-zhyly-kurup-btt



Добавить комментарий