Газдалган суусундук беттеги тактарды кетирет

14 июнь 2022 08:43 2684 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Голивуд жылдыздары мындай ыкманы көп колдонот. “Келбетиңизди сактагыңыз келсе, күнүгө жок дегенде эки литр суу ичиңиз”,- деген маалыматты көп жерден уксаңыз керек. Бул нерсени угуп, бирок аны дайыма эле аткара бербейбиз.  Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Адистердин айтымында минерал суусундугунун пайдасы өтө көп экендигин эскертет. 

Мисалга, бетиңизди газдалган суусундукка бир канча убакыт салып турсаңыз, бетиңиздеги дактардан арылган болосуз. Ал бир гана дактардан арылууга жардам бербестен, бетке бырыш түшүүдөн дагы коргоп жана жүзүңүздү тегиз, жылмакай кылып койгонго жардам берет.

Газдалган суусундукту бетке тоник катары дагы колдонсоңуз болот. 

Ал үчүн пахтаны газдалган сууга салып, бетти сүртүү керек. Мындай ыкма бетке безетки чыгуудан дагы сактайт. Муну сиз уктаар алдында жүзүңүздү моюнга чейин сүртүп тазалап чыкканыңыз оң. 

Газдалган суусундукка бираз лимон согун дагы кошуп койсоңуз анын натыйжасы жакшы болот.

Ссылка: https://barometr.kg/gazdalgan-suusunduk-bettegi-daktardy-ketiret



Добавить комментарий